www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Американын кийинки президенти болуп калса, адамзатты дүйнөлүк согуш күтүшү мүмкүн. Мындай пикирин Кытайдын Global Times гезитинин мурдагы башкы редактору Ху Сижин билдирди.

Буга чейин Помпео The Times of London гезитине берген маегинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да өзүн көрсөтсө да, 2024-жылдагы президенттик жарышка катышууга даяр экенин билдирген.

"Помпео Кытайдын санкция тизмесинде. Эгер ал бир күнү бийликке келсе, адамзатты дүйнөлүк согушка түртүшү толук ыктымал", — деп жазды Ху Сижин өзүнүн Twitter баракчасына.

Талдоочу мурдагы мамлекеттик катчынын "Тайван сыяктуу маселелер боюнча" жүрүм-турумун акылсыздык деп атады.

Кытай Эл Республикасынын борбордук өкмөтү менен анын арал провинциясынын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминдандын аскерлери Тайванга көчүп келгенден кийин үзүлгөн. 

Арал менен материктик Кытайдын ортосундагы бизнес жана расмий эмес байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар бейөкмөт уюмдар – Тайвань кысыгы аркылуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча Пекин ассоциациясы жана Тайбэй кысык алмашуу фонду аркылуу байланыша баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости