www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, ырлар жыйнагы чыкты

Улуттук тарых музейинде 20-апрелде КРнын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.

Сүйүнбек Касмамбетов Элмирбек Иманалиевдин талантын, кыргыз маданиятына кошкон салымын, анын адамдык бийиктигине токтолуп, “Элмирбек Иманалиев 100 жылда бир жаралган улуу таланттын ээси болгон. Анын талантын баалаган инсандар бүгүн мына залга батпай чогулуп турушат. Элмирбектин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталат. Анын чыгармалары түбөлүктүү” деди.

Ал эми маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын жыйнак кылып чыгарып жаткан анын үй бүлөсүнө, жакындарына жана шакирттерине ыраазычылыгын айтты.

Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй бүлөсүнүн демилгеси менен КРнын эл артисти Нурлан Нышанов түзүп, аны КРнын  эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева менен уулу Адылхан Калилов атасын эскеришти. 

Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости