www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калмакиянын борбору Элиста шаарынын тургуну Игорь Санжиев казакстандык Mgorod.kz сайтына курган маегинде Батыш Казакстан облусунун Орол шаарында экенин жана бийликтен качкын макамын сурап жатканын билдирди.

Анын айтымында, 13-апрелде Эмгек жана социалдык коргоо комитети анын арызын кабыл алып, башпаанек издеген кишинин күбөлүгүн берген.

Санжиевдин айтымында, ал “согуштук аракеттерге каршы”. Ал Волгоград облусунан Казакстандын аймагына тикенек зымдар аркылуу өткөн. Андан кийин Сайхин айылынан такси менен Оролго келген. Ал жерден Санжиев Эмгек жана социалдык коргоо комитетинин департаментине кайрылган.

Эмгек жана социалдык коргоо департаменти Санжиевге күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилгенин кабарлады. Бул аралыкта тиешелүү маалыматтар топтолот. Качкын макамын берүү маселесин комиссия карайт.

Игорь Санжиев Орусиянын курамындагы Калмыкиянын борбору Элиста шаарында жашап, курулушта иштеген. Былтыр сентябрь айында мобилизация башталгандан кийин аскер комиссариатына чакырылып, ал жерден башка мобилизацияланган адамдар менен бирге аскердик бөлүккө жеткирилип, паспорту алынган.

Былтыр ноябрда Игорь Санжиев аскер бөлүгүнөн качып кеткен. Ал Беларус чек арасынан мыйзамсыз өтүп, кийин кармалган жана Орусияга депортацияланган. Санжиев Волгоград аскердик комендатурасын өткөрүлүп берилген. Бирок ал жактан да качып кеткен.

Последние новости