www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жарандар Испания менен Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерполунун өтүнүчү менен Испаниянын Интерполу тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган И.А. Мадриддин аэропортунан кармалды. Ал 2022-жылдан бери өзгөчө ири өлчөмдө (140 миң доллар) алдамчылык жасагандыгы үчүн Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
Аталган жаран ишкерлердин ишенимине "чет өлкөдө сатуу үчүн товар алып келем" деп кирип ири суммадагы акчаларын алып, андан соң изин жашырып кеткен.
Маалыматтарга караганда, ал Түркияда болуп, кийин экстрадициялоо боюнча келишими жок өлкөлөрдө жашынууну көздөгөн. Ушул максатта издөөдө жүргөн жаран Түндүк Америка континентине өтүүгө аракет кылган. Ал АКШда жашынууну көздөп, Түркия - Мексиканын “Бенито-Хуарес” эл аралык аэропорту багытында авиабилетти брондоп, Мадриддеги аэропорттон кармалган.
Ошондой эле, Россиянын Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Новосибирск шаарындагы аэропорттон эл аралык издөөгө алынган 1988-жылы туулган А.А. кармалды.
Аталган жаран борбор калаадагы банктардын биринин кызматкери болуп иштеп турганда, кардардан ири суммадагы (900 миң сом) акчасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып кеткен.
Учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.
Булак: NazarNews.kg