www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат орду боюнча маселени карады.
Жыйынтыгында парламент Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алды.
Мындай чечимге 72 депутат макул, 3 депутат каршы добуш берди.
Буга чейин “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Байсаловдун кызмат ордун кароо боюнча сунуш берген.
Төрага Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.
Булак: NazarNews.kg