www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келинген дары-дармек каражаттарын Өзбекстандын аймагына контрабандалык жол менен алып өтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы аныкталды.
2023-жылы 4-июнда Ноокат районунун тургуну Т.М.нын башкаруусундагы мамлекеттик номуру 02 kg 076 AEC болгон “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаа кармалып, текшерүү учурунда унаадан 8 кутуча дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк табылган.
Мындан сырткары, унаа өткөн мамлекеттик чек ара тилкесинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө кошумча 127 куту дары-дармектер табылган, аны экинчи унаа түшүрүп, белгисиз багытта жүрүп кеткен.
Кармалган аткезчилик жүктүн базар баасы болжол менен 4 миллион 406 миң 380 сомду түзөт.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg