www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Кызыл крест комитетинин Миссиясы Кыргыз Республикасынын ИИМге жеке коргонуу каражаттарын тапшырды Кыргыз Республикасын Ички иштер министрлигине Эл аралык Кызыл Крест Комитети жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган эл аралык уюм тарабынан 2000 даана медициналык бет кап жана 2000 даана медициналык кол кап берилди. Белгилеп кетсек, Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) - Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан гуманитардык уюм. Коронавирус илдети чыгышы менен уюм гуманитардык жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүнүн багытын өзгөртүүгө туура келди. ЭККК мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Ички иштер миинистрлигине өз жардамын көрсөтүүсүн улантып келет. Бул оор учурда да четте калган жок. Республикабыздын аймактарында, чек аралаш жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин керектөөсүнө ылайык, тиешелүү каражаттар менен жардам көрсүтүп келет. ЭКККнын өкүлдөрү мындан ары да, Кыргызстан менен болгон кызматтташтыкты бекемдөө максатында уюм тарабынан жардам көрсөтүү улантылат деп белгиледи. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости