www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык валюта фонду Ооганстанга жардамды токтотту

Эл аралык валюта фонду “Талибан” кыймылы басып алган Ооганстанга жардам көрсөтүүнү токтотту. Фонд мындай чечимди эл аралык коомчулуктун пикирин эске алуу менен кабыл алганын билдирди.

“Азыркы учурда эл аралык коомчулукта Ооганстандын бийлигин таануу боюнча так көз караш жок. Ошондуктан, бул өлкө Эл аралык валюта фондунун каражаттары жана башка ресурстарына ээ боло албайт”, -деп айтылат фонддун өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүндө.

18-августта New York Times гезити АКШнын Финансы министрлигиндеги булакка таянып, президент Жо Байдендин администрациясы Эл аралык валюта фонду Ооганстанга убада кылган 400 миллион долларды токтотуунун үстүнөн иштеп жатканын жазган. Эл аралык финансы институту бул каражатты кийинки аптада бөлүшү керек болчу.

Август айынын башында аталган фонд коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 миллиард доллар бөлүү чечимин жактырган. Бул каражаттан Ооганстанга 460 миллион доллар берилмек. Мунун 52 миллион долларын расмий Кабул буга чейин алган.

Мындан сырткары Эл аралык валюта фонду 370 миллион долларлык кредиттик программаны да токтотту.

Буга чейин АКШ Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапкан. Муну менен талибдер миллиарддаган долларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, Ооганстандын Борбордук банкынын резервдери апрель айынын соңунда 9,4 миллиард долларды түзгөн. Анын көпчүлүк бөлүгү Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкында жана АКШдагы башка финансы мекемелеринде сакталып турат. Анда актив катары доллар жана алтын бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости