www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги орусиялык ырчы Моргенштерндин Бишкектеги концертин токтотууга аракет кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында министр Алтынбек Максүтов билдирди.

Депутат Алишер Козуев аталган ырчыны эл бузаар, динден алыс адам деп атады.

"Бишкекте артист Моргенштерндин концерти пландалууда. Анын концертин токтото аласызбы?" - деп сурады депутат.

Министр концерттин уюштуруучулары жана концерти пландалган имараттын ээси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

"Биз иш-чараны токтотуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул кишиге Орусияда кылмыш иши козголгон", - деп жооп берди Алтынбек Максүтов.

Депутат Козуев бул келечек муун үчүн жат көрүнүш, көңүл сыртында калтырбай, чара көрүлүшү керек экенин кошумчалады.

Эске салсак, Моргенштерндин концерти 23-июнга белгиленген. Ал "Бишкек Арена" муз аянтчасында өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости