www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл кыйналып жатса “Асман” шаар куруу күлкүлүү жорук

Эрксизден баш чайкайсың да... “Асман” шаарынын долбоорун жүзөгө ашыруу максатында жумушчу топ көчмө жыйын өткөрүп, көгүлтүр көлдүн жээгине барып келишти. Демилгечилердин айтымында, 500 миң калк жашай турган шаар курулуп, 200-300 миң киши иш менен камсыз болот экен. Долбоордун автору Руслан Акматалиевдин айтымында, шаар жомоктогудай эле болот.

Токио, Шанхай сыяктуу мегаполистер бул экологиялык “кыргыз кереметинин” чаңында калат окшобойбу! Мейли, романтик архитекторлорго, “бул шаар курулуп калса...” деп күмөнсүп жаткан президенттин кеңешчиси Равшан Сабировго деле “макул” дейли. Шаар 100 пайыз инвесторлордун эсебинен курулат окшойт. Себеби, алар сырттан инвестор издеп жатканын шардана айтты.

Шаар курулушу дүңүнөн 20 млрд. АКШ долларына бааланууда. Баш-аягы 20 жылда бүткөн Нур-Султан шаарына Казакстан 50 млрд. АКШ долларын жумшаган. Анын 40 пайызы жергиликтүү ишканалар, компанияларга таандык болсо, 40 пайызы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, банктардан алынган насыялар жана сырттан келген инвестиция 20 пайыздын тегерегинде гана болгон.

Демек, колунда коко тыйыны жок туруп, “20 млрд. АКШ долларына шаар курам” деп желпингендердин жели чыгат окшойт... А биздей жакыр өлкөгө кайсы мамлекет каражат берет? Өзүбүздө жумушсуздук, экономикалык кризис, пандемия, ар тарабың “мамайдын көрү”! Анан кайдагы асмандан кыялданасың, эй кемчонтой кыргыз? Эл кыйналып жатса...

Булак: Азия News гезити

Последние новости