www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцина алгандан кийин каза болгон бейтаптан улам комиссия түзүлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 23-июлда брифингде билдирди.

“Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен бейтап эмнеден каза болгону аныкталат”.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда 21-июлда 46 жаштагы бейтап ажал тапкан. Маркум аялдын жакындары ал 19-июлда Sputnik-V вакцинасын алгандан кийин кечинде абалы начарлап кетип ооруканага түшкөнүн, ал жакта эки күндөн кийин көз жумганын айтып чыгышкан. Дарыгерлер тиешелүү экспертизанын жыйынтыгын күтүү керектигин билдирип, алдын ала божомол чыгарбай турууга чакырышкан.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 400 миңге чамалады. Алардын 101 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты.

Кыргызстандыктар негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасын алып жатышат. Анча көп эмес өлчөмдө Орусиянын Sputnik-V препараты да бар. 22-июлдан тарта AstraZeneca вакцинасы да бериле баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости