www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Гүлнара-Клара Самат Орусиянын ТИМине чакырылды

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун кабыл алуусунда болгонун аталган өлкөнүн ТИМинин сайты жазды.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы (ЖККУ) кызматташтыгын талкуулашты.

"Орусия менен Кыргызстандын бүгүнкү геополитикалык катаал шарттагы союздаш мамилесинин мааниси тууралуу сөз болду" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын элчилиги азырынча бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.

10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан аскердик машыгуусуна катышпасын билдирген. 

"Биз мурдараак ЖККУнун "Рубеж-2022" аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы", - деп айтылат Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости