www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда психикалык ооруларга чалдыккандардын саны өсүүдө, ал эми өзгөчө оор илдеттер жаштар арасында аныкталып жатканын Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдирди.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматына ылайык, каттоодо учурда 54 453 адам турат.

"Бул расмий көрсөткүчтөр болгондуктан ал калктын психикалык абалынан так кабар бере албайт", — деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, коронавирус пандемиясы, куралдуу кагылышуулар, экономикалык каатчылык өңдүү абалдар адамды тынчсызданууга, дүрбөлөңгө түшүүгө түртүп, анын артынан неврологиялык оорулар көбөйүүдө.

"Психикалык жактан жабыркагандар – жеңил же оор түрүндө деп бөлүнөт. Көп учурда бейтаптар невротикалык жеңил мүнөздөгү илдетке кабылууда. Бул депрессия, көндүм турмуштун бузулушу, тынчсыздануу, дүрбөлөңгө түшүү. Психикалык жактан жабыркоо жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле экинчи орунга чыкты", — деди нарколог Гүлнур Алимова.

Дүрбөлөңгө түшкөндөрдүн көбөйүп жатканынын себеби эмнеде?

"Бул оору көп жылдардан бери эле белгилүү жана ал жакшылап иликтенип чыккан. Биринчиден, акыркы жылдарда стресске алып келчү факторлор көбөйдү. Экинчиден, статистика реалдуу боло баштады, тактап айтканда, адамдар дарыгерлерге көп көрүнө баштады. Менимче, биз ЖМКлар менен биргеликте коомчулукка психиатр же психотерапевтке кайрылуу уят же коркунучтуу иш эмес экендигин түшүндүрө алабыз. Бул, тескерисинче, өз саламаттыгына, келечегине кам көрүү", — деди дарыгер.

Психикалык өнөкөт оорулар – бул оорураак, өтүшкөн түрлөрү болгондуктан, ооруканада жатып дарылоо зарыл. Тактап айтканда, бул ооруларга — шизофрения, жөөлүп калуу, интеллекттин, акыл-эстин жоголушу кирет.

Психикалык оор илдеттердин пайда болуп, өрчүп кетишине мээнин жабыркашы таасир берет.

Республикалык психикалык ден соолук борборунун №7 бөлүмүнүн башчысы Болот Борболдоев мээнин структуралык түзүлүшү өзгөргөн учурда адамдын психикалык абалы кошо өзгөрөрүн көп байкаарын айтат.

"Мындай абалга алып келген себептер көп. Спорт менен машыгып жатканда, мушташтан, жол кырсыктан, жумуш учурунда коопсуздук техникаларын сактабагандыктан, улак тартыш, көк бөрү жана башка оюн учурунда жаракат алгандар көп. Мындан тышкары, спирттик ичимдиктерин ашыкча ичүү да ооруну пайда кылат, акыркы учурларда жогоруда санаган себептерге синтетикалык баңгизатын колдонуу да кошулду. Муну көбүнчө жаштар колдонуп жатат, анын кесепети өтө жаман экенин көрүүдөбүз. Анда мээнин структуралык түзүлүшү өзгөрүлүп, баңгизатын колдонгон адам акыл-эсинен ажырай баштайт. Көп учурда ал бейтапты кайра калыбына алып келүү мүмкүн болбойт", — дейт Борболдоев.

Мындан тышкары, психикалык илдеттер тукум куушу да мүмкүн экенин кошумчалап, башка оорулар сыяктуу эле аны өз учурунда дарылабаса өтүшүп кетерин белгиледи.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерди жарандарды мындай илдеттин биринчи эле белгисин байкаган учурда дароо аларга кайрылууга чакырышты.

"Бизге акысыз консультацияга да келсе болот. Келген адамдан болгону аты-жөнүн тастыктаган документтери керек", — деди андагы дарыгерлер.

Эскерте кетсек, психикалык өнөкөт ооруларынан жабыркаган адамдарды дарылоо акысыз. Психосоматика менен жабыркагандарга мамлекеттик кепилдик программасы иштейт.

Республикалык психиатрия жана наркология борбору дем алышсыз иштейт. Жекшембиде, майрам күндөрү мөөнөттөгү дарыгерлер кабыл алат.

Последние новости