www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдар Абакиров БШКга талап койду

№26 шайлоо округундагы саясий кырдаал кайрадан курчуп, талапкерлер арасында мыйзамдуулукту камсыз кылуу талабы күчөдү. Бул жолу талапкер Элдар Абакиров аймакта табылган 460 миң сом боюнча иштин аягына чыкпай жатканына каршы үн катты. Анын пикиринде, шайлоо маалында катталган мыйзам бузуу фактылары ачык иликтенип, коомчулукка так маалымат берилмейинче, шайлоо процессине болгон ишеним толук калыбына келбейт.

"20 күндө эки чоң мыйзам бузуу аныкталып, бири Бишкек шаарында талапкер 80 миң доллар таратып жаткан жеринен кармалды жана шайлоодон четтетилди. Экинчи чоң мыйзам бузуу Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Кызыгы, бул аягына чыкпай, анын ээси жоктой эле болуп калды. Күч органдары, бийлик, БШК элдин таза шайлоого ишенимин актайм десе, күнөөлүүнү таап, шайлоодон четтетет. Бул адилеттүү жана таза чечим болот”, - деп билдирди Абакиров.

Ошондой эле, ал күч түзүмдөрү жана БШКны бул ишти толук териштирип, округдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси каралышы керектигин билдирди.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев ИИМ бул факты боюнча тергөө жүргүзүп жатканын айтып, иштин жыйынтыгы комиссияга берилген соң гана чечим чыгарын белгиледи.

Последние новости