www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тбилиси шаарында Кыргызстандын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Акыл Токтобаев Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) аймактык директору Томас Эрикссон менен жолугушту. Жолугушуу ЖКФнын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өткөрүлүп жаткан аймактык диалогунун алкагында өттү.

Тараптар климаттык долбоорлордун улуттук портфелин түзүү жана Кыргызстан үчүн климаттык каржылоону көбөйтүү маселелерин карашты.

Ошондой эле АРИС менен «Элдик Банктын» ишмердүүлүгү, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен «АБанкты» ЖКФда аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо иштери талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын тоолуу климаттык күн тартибине көңүл бурулуп, климаттык долбоорлорду иштеп чыгууда тоолуу экосистемалардын жана жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө карата аярлуулугун эске алуу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушууда Ысык-Көлдү сактоо боюнча долбоордун келечеги жана көп тараптуу трасттык фонд түзүү демилгеси да талкууланды.

Тараптар Readiness программасын өнүктүрүү боюнча да пикир алышты. 2027-жылы ЖКФ менен биргеликте Кыргызстан үчүн болжол менен алты долбоорду иштеп чыгуу пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө жана климаттык долбоорлорду даярдоодон аларды каржылоо жана ишке ашыруу этабына өтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

 

Последние новости