www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып пул салынды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айып пул жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн рейддик текшерүүдөн кийин салынган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп, жалбырак жана башка калдыктар өрттөлүп жатканы аныкталган.
Мыйзам бузуу боюнча ишкананын жетекчилигине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ошондой эле ишканага айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана экологиялык коопсуздук эрежелерин аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.