www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сексуалдык кылмыштар үчүн жазаны жеңилдетүүгө каршы чыкты. Ал айрым учурларда жалган айып тагылган учурлар бар экенин, бирок бул сексуалдык кылмыштарга пробация же жеңил жаза киргизүүгө негиз болбошу керектигин айтты.
- Бул маселе боюнча мага да кайрылып, жоопкерчиликти жеңилдетүүнү сурагандар болгон. Ооба, атайылап тузакка түшүрүлгөн учурлар болот. Бирок бул жоопкерчиликти жеңилдетүү керек дегенди билдирбейт. Ар бир эркек өз жыныстык мүчөсүнүн ээси болушу керек. “Жашын билген эмесмин, паспортун көргөн эмесмин. Эмнеге сурашым керек эле?” деген шылтоо. Биз айбан эмеспиз да, ким болсо барып жабыша бергендей. Адам болсоң, ойлонушуң керек, - деди Бекешев.
Буга чейин депутат Айсаракан Абдиева мындай иштер боюнча жазаны жеңилдетүүнү сунуштап, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Анын мандатын алуу талабы менен 30 миңден ашык адам кол топтогон.