www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвалык Фейсбук колдонуучуларынын бири өз баракчасына көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришиндеги жарыянын сүрөтүн жарыялаган: "Элдер, таштандыны ыргытпагыла. Сагын өлүп калды. Азырынча тазалай турган эч ким жок."- деген.  

"Вирустун экинчи толкун мезгилиндеги подьездердеги кулактандыруулар"- деп комментарий берип, посттун астындагы комментарийде Сагын алардын үйүндөгү короо шыпыргычтын аты экендигин түшүндүрдү. 

Башка колдонуучулардын айтымында, Сагын Кыргызстандан барган мигрант. "Москвада коронавирустун айынан Кыргызстандык тазалык кызматкери каза болду. Мигранттар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча ишти баштоо керек. 

Келгиле, өнөр жайга кайтып келели. Канча жумушчу күч, билимдүү жаштар үмүтсүздүктөн өлкөдөн кетип жатышат. Үй-бүлөлөр жана тагдырлар кыйрап жатат ", - деп жазды колдонуучу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости