www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери качан башталат?

Календардык планга ылайык, мамлекеттик жогорку кызматка талапкер болгон адамдар үгүт иштерин 15-декабрдан тарта башташы керек. Үгүт 9-январга чейин уланат, ал жымжырттык күнү деп жарыяланган. 15-декабрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетенде турган талапкерлердин аттарын аташы керек. 6-декабрга чейин талапкерлер БШКга бардык документтерди, анын ичинде кол тизмесин тапшырышы керек.

Мындан тышкары, талапкерлер 3-декабрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 24-октябрында Кыргызстандын БШКсы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенине байланыштуу шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти. Ага ылайык, президентти шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости