www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азия Микс" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жубайы менен эки ажырым жолго түштү бул тууралуу анын жубайы Камила Абдил Инстаграм баракчасына жазып чыкты. 

"Баарына чыдадым, мындан ары чыдоого күчүм калбады. Мындан 1 жыл мурун мен сүйүп сыйлаган, досум деп эсептеген адам менен кол үзүштүм. Анткени ал үйдөгү баардык кыйынчылыкты менин алсыз аялуу колдорума таштап койчу. Мен баарын жалгыз көтөрчүмүн, иш менен үйдөгү көйгөйлөр баары менин моюнумдагы жүк болчу.

Мындан сырткары анын чыгармачылыкка болгон амбициясы үй-бүлөдөн маанилүү болду. Эки кызы жарыкка келгенде жанында болгон жок. А уулун болсо 1 ай өткөндөн кийин мен өзүм алып барып көргөзгөм. Эки жыл мурун мен сүйүп ашыккан адамыма болгон чындык ачылды. Ал учур мага абдан оор болду. Мен үйдө эркектин да, аялдын да ролун бирдей аткардым.

Каржы маселесин, документтерди, андан сырткары балдарымды, күйөөмдү колдоп баарына жетишкенге аракет кылып өзүмө эч көңүл бөлгөн эмесмин. Менин бул кадамдарым үй-бүлөмдүн өсүп өнүгүүсүнө арналган эле. Ошолордун баарын барктай албаган адамга өмүрүмдү арнагам. Сүйгөн адамымдын мага кылган саткындыгынан көп нерсени баалап, үйрөнүп жашоого болгон багытымды өзгөрттүм" дейт Кененсаровдун жубайы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости