www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгу коррупцияга кокосунан баткан тармак Бажы кызматы экенин баары билип бүттү, бирок тазаланууга кадам таштала элек. Бир жылдан бери башкарып жаткан Алмаз Оңолбеков да оңогонго дарамети жетпестигин, аракети жоктугун көрсөттү. Муну фактылар ачыкка чыгарууда. Маселен, Орусиянын мамлекеттик эмес "Regnum" маалымат агенттиги бажыдагы аткезчилик же Кытайдан, Түркиядан жана АКШдан Кыргызстанга ташылган товарлар туурасында макаласын жарыялады. Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы соңку 20 жылда Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 66 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөн. Көзгө тартылгандай, ортодогу айырма 50 млрд. долларды түзүп жатат. Ал эми Түркия менен соңку 20 жылда импорттун көлөмү 1,129 млрд. долларды түзгөнүн биздин бажычылар көрсөтсө, Түрк мамлекети аны дээрлик 3 млрд. долларга жакын экенин көрсөттү. Мында дагы ортодогу жоголгон айырма 1,839 млрд. долларды чапчып отурат. Кыскасы, кыргыздын бажысынан миллиардлаган доллар уурдалып жатканын сезип турабыз. Муну ким тизгиндейт?

Булак: "Мантыш"

Последние новости