www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң кир шаарлар

Норвегия, Швеция, Япония жана АКШнын адистеринин изилдөөсүнүн жыйынтыгында дүйнө жүзүндөгү 13 эң кир шаар деп төмөндөгүлөр аталды.

Абага көмүр кычкыл газын эбегейсиз өлчөмдө бөлүп чыгаруусу менен биринчи орунду Кытайдын Гуаньчжоу шаары ээледи. Экинчи орунга Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары илинди. Андан кийин катары менен Нью-Йорк, Гонконг жана Лос-Анжелес шаары кетет. Ал эми биринчи ондуктагы эң кир мегаполис деп Шанхай, Сингапур, Чикаго, Токио, Иокогама жана Эр-Рияд аталды. Жүздүккө экология үчүн зыяндуу деп табылган шаарлардын ичинен Россиянын Москва (15-орун) менен Санкт-Петербург (79-орун) шаары кирген.

Биздин борбор калаабыз - Бишкектин абасы акыркы жылдары аябай булганып жатканын коомдук активисттер кабатырлануу менен кайрылып чыгышканы маалым. Эгер ушундай темп менен кетип отурсак, ордо калаабыз дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарынан орун алары шексиз. Бул мактаныч эмес, а зээн кейиткен көрүнүш.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости