www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министрлиги Орусияда казак жарандары катышкан массалык мушташ боюнча маалымат берип, ага кыргыздар аралашпаганын билдирди.

Буга чейин, Амур аймагындагы газ иштеткен заводдо 22-ноябрда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканы тууралуу маалымат тараган.

“Казинформ” агенттиги Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлагандай, аталган заводдун курулушундагы мушташка казак жана тажик жарандары катышкан. 

Эске сала кетсек, аталган окуянын видеосу интернетке тараган.

Мушташтан 18 жаштагы бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жергиликтүү полиция кызматкерлери билдиргендей 22 жаштагы шектүү убактылуу камалуучу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости