www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министрлиги “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга онлайн идентификациялоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Документте азыркы редакцияда 2019-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы онлайн-маалыматтык тутумун пайдалануу менен юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо тартиби киргизилгени айтылат. Система өлкөнүн бардык аймактарында ишке киргизилген. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган. Ага 32 миң евро кеткен. Системаны Юстиция министрлиги колго алып, нормалдуу иштеп жатат. Система аркылуу бардыгы болуп 44 электрондук арыз берилген.

Бирок мурда аны колдонуу үчүн интернетке туташкан компьютер, жарандын биометрикалык паспорту жана аны окуй турган смарт-карта же электрондук кол тамга талап кылынса, эми булуттагы электрондук кол тамганы колдоно аласыз. Бул паспортту колдонбой эле электрондук түрдө тапшырууга мүмкүндүк берет.

2021-жылы механизмди ишке ашырууга 5 миллион 660 миң сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Бирок комиссия арызды карап чыгып, катышуучу квалификациялык талаптарга жооп бербегендиктен сынакты жараксыз деп тапты.

Бирок Юстиция министрлиги электрондук кол тамганы киргизүүдөн баш тарткан жок. Министрлик аны чет өлкөлүк жарандардын колдонуусу санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, экономикалык өсүш темпин жогорулатууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, өлкөнүн туризм жана миграциялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деп эсептейт.

Министрлик «Инфоком» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүктөргө булут технологияларын колдонуу менен электрондук кол тамгаларды берүү ыйгарым укуктарын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өткөрүп берүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости