www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-январда Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында Латын Америкасынын жана Кариб деңизинин өлкөлөрүнүн шериктештигинин (CЕЛАК) жетинчи саммити өттү. Буга байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин саммитте CЕЛАКтын кезектеги төрагасы Аргентинанын президенти Альберто Фернандестин чакыруусу менен видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу маалыматты NazarNews маалымат агенттигине CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытай лидери видеокайрылуусунда Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрү өнүгүп келе жаткан дүйнөнүн маанилүү мүчөлөрү катары глобалдык башкарууга активдүү катышып, ага маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи.CЕЛАК буга чейин глобалдык Түштүк-Түштүк кызматташтыгы үчүн алмаштырылгыс кыймылдаткыч күчкө айланган жана аймактык тынчтыкты орнотууда, жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү жана аймактык интеграцияны илгерилетүүдө маанилүү ролду ойногон, деди ал.

Си Цзиньпин Кытай Латын Америкасы менен Кариб бассейнинин аймактык интеграция процессин ар дайым колдой турганын баса белгиледи. Кытай CЕЛАК менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет жана CЕЛАКты өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ортосундагы тилектештикти бекемдөө жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгын илгерилетүү боюнча өзүнүн маанилүү өнөктөшү катары карайт. Мунун негизинде Кытай-СЕЛАК форумунун кызматташтыгын ырааттуу түрдө бекемдеп, эки тараптуу мамилелерди теңдик, өз ара пайда, инновация, ачыктык жана элге пайда алып келүүчү жаңы доорго алып барат, деди Кытай лидери.

Кытай Эл Республикасынын башчысы региондогу барган сайын көп өлкөлөр Кытай менен “Бир алкак жана бир жолдун” сапаттуу курулушуна көмөктөшүү, Глобалдык өнүгүү демилгесин жана Глобалдык коопсуздук демилгесин колдоо жана катышуу үчүн кызматташып жатканын айтты, жана ошондой эле жалпы тагдырга ээ болгон кытай-латын коомчулугун тузуу учун Кытай менен иштешип жатышат.

Си Цзиньпин дүйнө башаламандыктын жана трансформациянын жаңы мезгилин башынан өткөрүп жатканын баса белгилеп, өлкөлөр кыйынчылыктарга туруштук берип, бул оор мезгилден көбүрөөк тилектештик жана тыгыз кызматташуу аркылуу гана өтө аларын кошумчалады.

Кытай Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрү менен кызматташууну улантууга, өз ара колдоо көрсөтүүгө, биргелешип прогресске жетишүүгө жана адамзаттын жалпы баалуулуктары – «тынчтык, өнүгүү, теңдик, адилеттик, демократия жана эркиндикти» илгерилетүүгө даяр», - деди кытайлык лидер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости