www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи кабыл алынды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ушундай эле аталышта дагы бир мыйзам долбоору Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев тарабынан сунушталган.

Биринчи мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Айбек Маткеримовдин айтымында, долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана дарыгерлерге бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн бир жолку акчалай сыйлыктардын мурдагы төлөмүнөн кем эмес белгилөө сунушталууда.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Шайлообек Атазов долбоор аркылуу берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда.

Андан тышкары, спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.

Жыйында сунушталган мыйзам долбоорлорун экинчи окууда бириктирүү зарылчылыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости