www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман дегендей, бийликтин сересинде эл тагдырын калчаган төбөлдөрдүн айткан сөзү менен иши такыр коошпойт. Бул өнөкөт ооруудан качан айыгабыз айтуу кыйын. 

Элибиз жылдан жылга жакырланып, көр оокаттын айынан жерин таштап, чет өлкөгө иш издеп мигрант болуп кетип жатат. Учурдагы бийлик оозун толтуруп айткандай, 30 жылдан берки көрүнүш ушундай. 

Мына эки жыл мурун Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин, бир чылбырын алганда: "Мындан ары элибиз сыртка иш издеп тентибейт. Чет жактан карыз албайбыз. Эки жылдан кийин чет өлкөдө жүргөн мекендештер өз өлкөсүнө кайта баштайт", - деген эле. 

Тилекке каршы, эки жылдан бери тышкы карыз дээрлик 1 миллиард долларга жакын өстү. Мигранттар өз мекенине кайтмак түгүл, иш издеп сыртка чыккандар көбөйдү. Кабинет министрлигинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, алга-күчкө толгон жаштарыбызды мандикер кылып "эшелон-эшелон" жөнөтүүдө. Мына өнүгүү!

Элчилер Кыргызстанга инвестор тартып, ишкана, өндүрүш ачканга көмөкчү болгондун ордуна, тескерисинче, Өмүрбек Текебаев мактангандай, "миңдеген иш орундарын сүйлөшүп жатам, кыргыздар келип иштесин" - деп, кыргыздарды мандикер кылып жумшап берип, чет элде тентиткенди сыймык көрүп отурат. 

Мындай көрүнүш баардык элчилерге мүнөздүү. Сыягы, өлкө башчысынан ошондой тапшырма коюлган окшойт. Дегенибиз, Түштүк Кореядагы, Сауд Арабиясындагы, Түркиядагы, Америкадагы элчилер деле "иш орун түзүп жатабыз, жарандарыбыз келип иштесин" деп ооз чоюшат. Ойлорунда ишке жарамдуу элди бөтөн эл, бөтөн жерде "кул" катары жалдап берип жатышканын камкордук көрсөтүп жатабыз деп эсептешет өңдөнөт. 

Өкүнүчтүүсү, бул кадимкидей эле мамлекеттик идеологияга айланып калды. Буга мисал, өкмөт атайын программа менен Англияга айыл чарба иштерине жалданып иштегенге жаштарды топтоп жөнөтүп жатканын  мамлекеттик телеканалдар бийликтин ийгилиги, өнүгүп-өсүүнүн жемиши сыңары сыпаттап жарнамалап жатышканы далил. 

Бул түшүнгөн адамга "өлөйүн десең жан таттуу, кирейин десең жер катуу" болгон өтө жат көрүнүш. Жаштарды тентитип жиберсек өлкө оңолбойт. Улут демография болот. Бул улутка, өлкөгө жасалган кыянаттык.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости