www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-февралда "Кыргызалтын" ААК төрагасы Элмырза Укубаев "Макмал Голд" компаниясынан келген социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга "Кыргызалтын" ААКнын жетекчилиги, 5 айыл өкмөтүнүн башчылары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Улан Имамбердиев, "Макмал Голд Компани" ишканасынын директору Сю Линь катышты.

Жолугушуунун негизги маселеси компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык пакеттин жана кадрдык саясаттын аткарылышы болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жалпысынан “Макмал” кенин иштетүүнү колдой тургандыктарын, ошого карабастан, биринчи кезекте, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка орношууга жана ачык-айкындуулук принциптерин сактоого көңүл бурууну сунушташты. Компаниянын өкүлдөрү өз кезегинде бул маселе алар үчүн артыкчылыктуу маселе экендигин жана жумушка алууда тыкыр тандоо жүргүзүү пландаштырылып жаткандыгын билдиришти. 

Белгилей кетсек, “Макмал Голд Компани” ишканасы тарабынан тартылган подрядчиктер дагы аймактын өкүлдөрү.

Тараптар ошондой эле аталган административдик аймакта аары багып, бал өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүү жана эт комбинатын куруу боюнча маселелерди талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө тараптар көптөн бери чечилбей келе жаткан фундаменталдык маселелер боюнча бир пикирге келишти.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана «Кыргызалтын» ААК уруксат берүүчү документтерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүшөт. Ал арада, “Макмал Голд Компани” материалдарды сатып алууга жана курулушка керектүү каражаттарды өз убагында бөлүп берүүгө милдеттенет. Биз инвестор менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы ачык диалогду жүргүзүү саясатын карманабыз. Бардык актуалдуу маселелер жергиликтүү калктын пикирин эске алуу менен консолидацияланган түрдө чечилиши керек деп эсептейм. Ошондо гана биз өз ара пайдалуу өнөктөштүккө келе алабыз", - деди "Кыргызалтын" ААКтын башчысы Элмырза Укубаев.

Тогуз-Торо районундагы “Тилектеш” жаштар кыймылынын лидери Анарбек Санжыбаев инвестор менен жергиликтүү калктын ортосунда жакшы мамилелерди түзүүдө “Кыргызалтын” ААК тарабынан түзүлгөн диалог аянтчасы оң натыйжаларын берээрин белгиледи.

 “Бүгүнкү жолугушуу биз үчүн албетте, пайдалуу болду. Биз кабыл алынган чечимдер жөнүндө сөзсүз түрдө жергиликтүү жамааттка толук түрдө жеткиребиз”, - деди Анарбек Санжыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости