www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.

-«Азаттык» радиосу элди ойлойбу же капчыктарын ойлойбу?

-«Азаттык» радиосун учурунда жаныбызга жакын жууткан эмеспиз. СССРди талкалап бүткөнүнө шерденип, Акаевдин убагында эгемендүү Кыргызстанга кирип келди. Согуш убагында совет элине чыккынчылык кылып немецтерге өтө качып, өмүрүн мекенин жамандап өткөргөндөр «Азаттыкка» чогулушкан. Бирок, Кыргызстанга жаңы киргенде Салижан Жигитов сыяктуу кыргыздын алдыңкы адамдары  кош колдоп тосуп алышкан. «Азаттык» радиосуна бардык жакшы шарттар түзүлгөн. Өткөн жылы АКШ Конгресси «Азаттык» радиосун 3 миллион доллар менен каржыласа, кайсы жерде бүлүнүү болсо, ошол жерге мурдун созгон Сорос 3 миллион сом бөлгөн. Ошондуктан ал акчаны коротуу үчүн «Азаттык» радиосу кайсы жерде жамандык болсо, ошол жерге мурдун такайт.

- «Азаттык» радиосу президенттик инаугурация учурунда жаңы шайланып жаткан президент Садыр Жапаровду мазактаганына кандай пикирдесиң?

-Президент Садыр Жапаров 2012-жылы  камалып жатканда, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге «Апрель баатыры» медалын бунт кылып тапшырып, аларды колдоп чыккам. Кийин Эмил Каптагаевдин айгагы менен камалганда дайыма колдоп келгем. Садыр Жапаров октябрдагы башаламандыкта  бийликке келген учурда мен деле курч сын пикирлер менен чыгып жүрдүм. Мисалы мен айтсам бир адамдын пикири. Ал эми  «Азаттык» радиосунун артында калдайган АКШ мамлекети турбайбы. Садыр Жапаровду мазактаганы бул АКШ мамлекетинин жалпы кыргыз элин мазактаганы деп түшүнөм. АКШ президенти Байден 20 январда гана ишке киришти, ал эми 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы болду. Байден «Азаттык» радиосуна Садыр Жапаровду мазакта деп айтканга да жетишкен жок. Тескерисинче, Трамп кийирген кыргыз элине каршы мыйзамдарды алып, эми кыргыздар кенен кесири АКШка барып турмай болду. Бул жөн гана «Азаттык» радиосун калчап турган Венера Жуматаеванын оюну. «Азаттык» радиосу кыргыз элине кыянаттык кылгандан башканы билбей калды.

- Венера Жуматаева Али Токтакуновду алдыга салып биздин кыргыздарды жамандап, ал эмес Орусияга тиешелүү Магнитскийдин кара тизмесине коштуруп жатканын кандай карайсыз?

- Али Токтакунов тууралуу такталбаган бир маалымат бар. Мен ушул суроого ушул айтылган кепти ишенимдүү адамдар менен тактап туруп жооп берейин.

(уландысы бар)

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости