www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-март күнү Ала-Тоо аянтында Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгына карата улуттук кийимдердин парады өтөт. Бул тууралуу журналист Элнура Кулуева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Баш кийим бардык элде бар,

Байыртан жашап келди алар,

Атадан калган балага,

Андан да кымбат эмне бар.

(Байдылда).

Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгына карата улуттук кийимдердин парадын өткөрүү демилгесин колдогон маданият министри Кайрат Иманалиевге жана Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Учурда биргеликте өткөрүп жатканыбызды жалпы коомчулукка билдирип койгум келди. Ушул күндү улуттук маанай, улуттук духту көтөргөн жаз жайдарманы болсо экен, кыргыздын ак калпагынын кадырын көтөрсөк деген тилектебиз.

Ала-Тообузда жаздын деми кыргыздын улуттук баш кийими ак калпагыбызга ызаат көрсөтүү менен башталып жатканыны жакшы көрүнүш! Улутубузга болгон сезимди, сыймыктанууну ушундай жерде көрсөтөлү. Улуттук намыстын кичинекей аракетин мамлекет, мүлдө кыргыз эли колдоп бериңиздер. Бул жалпы элдин улуттук майрамы. 5-март күнү жаан жаагандан иш чараны 4-март күнү жылдырдык. Баардыгыңыздарды күтөбүз. Ак калпак, ак элечек кийип Ала-Тоо аянтыбызга саат эртең мененки 10:00 гө келиңиздер. Пикет өткөрбөй улуттук кийимдердин парадын өткөрөлү. Мен кыргызмын деген мекенчил инсандарды күтөбүз», - деп белгилген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости