www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадр маселеси биздин экономикага балта чаап жатат. Мындай пикирди мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов  NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 2-мартта билдирди.

--“Кадр маселеси биздин экономикага балта чаап жатат. Азыр карап көрсөк президент Садыр Жапаровдун кадрларынын арасында мамлекетти сазга батырып бүткөндөр жүрөт. Ал эми Кыргызстандагы кыйын, билимдүү жана  таланттуу балдар чет өлкөгө кетип калышкан. Алар келгенде көпчүлүгү кайсы бир партияга кошулат. Партиялардын көпчүлүгүндө мамлекетти тоноп, бүткөндөр бар. Ошолор чет мамлекеттен келген мыкты кадрларыбызды ошол жаман нерсеге түртүп, аларды дагы бузуп жатышат. Ошондуктан көпчүлүк мыкты балдар, кыздарыбыз Кыргызстанга кайтып келүүнү каалашпайт. Негизи эле биздин өлкө кадр маселесинен аксап келет. Бул экономикага чоң таасирин тийгизип, элди дагы кыйнап койду. 30 жылдан бери эле кадр тандоодо чоң жаңылыштыктар кайталанып келе жатат”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости