www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында 3-марттагы күн тартибинде көрсөтүлгөн.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болоорун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости