www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында экс-баш прокурор, коомдук ишмер Элмурза Сатыбалдиев: "Мен акыркы 8 жылдан бери волейбол менен жашап келе жатам. Менин 2010-жылга чейинки карьерамдагы өсүү менен кыргыз волейболундагы карьерамды салыштырып болбойт. Эгер менден өз өлкөң үчүн эмне кылдың деп сураса, мен чайкана салган жокмун, ресторан-сауналарды курган жокмун, бирок кыргыз волеболун түздүм жана бул үчүн сыймыктанам деп жооп берем!” деп айткан эле.

Ошого улай эле журналист Элнура Кулуева Элмурза Сатыбалдиевди даңазалаган пикирин жарыя кылды. Биз анын пикирине да орун беребиз:

--“Мамлекеттин намысын коргоп, эл аралык аренага Кыргызстандын желегин желбиретип, кыргыз волейболун өз мээнети менен алдыңкы сапка алып чыккан, волейбол үчүн жаратмандык иш жасаган жалгыз адам – бул Элмурза Сатыбалдиев. Бүгүн коңшу мамлекеттер спорт үчүн эбегейсиз иштерди жасап жатышат. А бизде кызматы жок эле бир инсан бүт мамлекет жасай турган ишти жасады да. А биз тырышып ошол жеңишти кыргыз элине жеткире албай олтурабыз. Уят эле. Алакандай ыраазычылык кат, бир чыны чай, 3 мүнөттүк кабыл алууну жасай албай мамлекеттик, улуттук саясатты, намысты, спортту артка сүйрөп жатасыңар. Жаш бир секелек кызга, мадыра баш балага президенттин, спикердин, өкмөттүн саатын шаңгырап тагып аны беш күн даңазап... Бүтпөгөн маалымат саясатыңарга бали... Мен айта турган сөзүмдү айттым окшойт. Жеңишти, эмгекти, мээнетти даңктай билген, барктай билген, кыргыз үчүн күйө турган, кыргыз үчүн сүйүнө турган мамлекетчил жетекчилер болсун. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат! Алдыда дагы жасай турган эл кызматы турат. Ийгиликке да кубана жүрөлү дегиң келет...

Эске сала кетсек, Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өткөн Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионатынын жеңүүчүсү аталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости