www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эльвира, сен Садыр Жапаровду активдүү колдогондордун бирисиң, ал тууралуу чыгарган постторуңду окуп калабыз. Эмне себептен колдоп калганыңа кызыгып көрсөк болобу? 

- Ооба, албетте. Садыр Жапаров камалып калганда, аны ушунча көп эл “бошоткула” деп чырылдап жүрүштү го. Ошолорду көрүп менде ал кишиге карата “бул ким эле...” деген кызыгуу пайда болду. “Эл сынчы, эл тараза” деп бекер айтылбаса керек. Көпчүлүктүн пикирин угуп жүрдүм. Анан мурда мен үчүн жат, кызыгы деле жок саясатчы адам Жапаровдун кылган иштерин, айткандарын интернеттен казып, изилдей баштадым. Атамбаев тарабынан адилетсиз кадамдар жасалганын байкадым. Бирок, канчалык басым болуп турса дагы Садыр байкенин сынбаган, кайраттуу, патриоттук духун сездим. Кыргыз элибизге өтө керек инсан экенин билдим. Ошентип барган сайын өзүмө жакын адам кылып алдым окшойт. Садыр Жапаровду колдойм жана колдой берем! 

- Фейсбуктагы “Садыр Жапаров” деген баракчанын администратору экенсиң. Айтсаң азыркы учурда Садыр аганы чындап колдогондор көппү же сындагандар көппү?

- Менин байкашымча колдогондор көп. Мурда алар миллионго жетпеген болсо азыр колдоочулары 90 пайызга көбөйдү. Биздин тайпада эле 47000 миңден ашык катталуучу бар. Калган жалпы Фейсбукта билбейм ачсаң эле “Жапаров” - деп эле колдогон адамдар. Ютубда андан көп. Минтип ар бир адам эле лидер боло бербейт. Ушунча кишини ээрчитиш бул Кудайдын нуру төгүлгөн адам десем болот. Фанаттары өтө көп, “Садыр Жапаров үчүн жаныбызды беребиз” дегендер да аз эмес. 

Анан, Вотсапта дагы “Мекенчилдердин” тайпаларын ачып алганбыз. Курамында абдан көп адамдар бар. Ал жакта дагы администратормун. 

- Садыр Жапаровдун бул бийликтин тушунда акталып чыгарына көзүңөр жетеби?

- Садыр Жапаровдун өзү мекенчилдерге, колдоочуларына жакын адамдары аркылуу дайыма “бирөөнү жамандабагыла, сындабагыла, көчөгө чыкпагыла. Баары мыйзамдуу болуш керек, мен акмын, буюрса, чыгам бир күнү”, -деп эскертип келет. Кантсе дагы баарыбыз тең жаңы президент Сооронбай Шариповичтен үмүт кылып күтүп келебиз. Ал акыры мыйзамдуу түрдө актап чыгарат депчи. Себеби, президентибиздин “адлетсиз чечим чыгарган соттордун ишине кйилигишем” деген сөзү бар. Эгер ал чындап эле мурункулардан айырмаланып, ак жана таза иштейм десе далилдесин! Биз чо-оң үмүт менен күтөбүз. Анын үстүнө жабырлануучу делген Эмил Каптагаев өзү “Садыр Жапаровдун тиешеси жок, мени барымтага алган эмес” деп жатса дагы сот көңүл бурбай жатпайбы. Эми дагы бир үмүт пайда болду. Жакында Эмилбек Каптагаев, башкы прокурорго кайрылды. Буюрса, октябрь ичи жакшы жаңылык угуп калаарбыз. 

- Жана экөөбүздүн маек башталардан мурун, “Кыргызстанда эмесмин” деп аттың эле. Ошондон улам кызык ой пайда болду, сыртта турган адамга өлкө ичиндеги кырдаал канчаалык сезилет болду экен дегенчи... 

- Ооба, азыр мен Орусиядамын, ушул жайда Кыргызстанга барганымда,  2 жолу абакка кирип, мекенчилдер менен сүйлөшүп, учурашып чыктым. Канчалык кыйналып, жүрөгү сыгылып турса да, Садыр байкенин, “баары жакшы болот чыдагыла” деп кабагым, кашым дебей кайра тарапташтарына кайрат берип олтурганын көрүп айласыз көзүмө жаш алдым. Мындай адам кылымда бир жаралса керек.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости