www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эльвира Сурабалдиева Аида Исмаилованы сынга алды

"Сиз парламентте ачык депутаттардын катарында элеңиз, вице-премьер болгондон бери көп маалыматтарды ачык ала албай жатабыз", - деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр Аида Исмаиловага кайрылды.

Сурабалдиева донорлордон келген жардамдар тууралуу элде терс ойлор болуп жатканын айтып: "Өкмөт ачык айкын болуш керек. Финансы министрлигинде ачык өкмөт деген программаны өчүрүп коюптурсуңар. Коронавирус келгенден бери жабык өкмөт болуп калдыңар", - деп сынга Аида Исмаилованы сынга алды.

Исмаилова: "Депутат кезимде бүт маселелерди ачык айтып чыкчумун, өкмөткө келип ошол калыпта иштейм. Бул бүт маалымат Саламаттыктык сактоо министрлигинин сайтында илинип турат. ЖМКга дагы маалыматтарды беребиз", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости