www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элвира Сурабалдиева:

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетүү тууралуу пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында жазып калтырды.

--"Колдоо көрсөткөн жана жардам бергендердин баарына, ошондой эле жумушумду сындап, ал үчүн тынсыздангандарга ыраазычылык билдирем! Жогорку кызмат - чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен бирге чоң стрессти алып жүрөт. Оор мезгилде келдим. Убактылуу экендигин билгем. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Буга нааразы эмесмин.

Кечээ күнкү документ иштерин бүтүрүп, тынч жан дүйнөм менен жумуштан кетем.

Коронавирус боюнча жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берем. 2021-жылдын 4-февралында вице-премьер-министр болгонума 100 күн болот. Отчётумду берем", - деп жазып калтырган Эльвира Сурабалдиева.

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Улукбек Марипов сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү каралууда. Марипов сунуштаган тизмеде Эльвира Сурабалдиева жок.

Ал эми өкмөт башчылыкка Мариповдун өзүнүн талапкерлигин 1-февралда көпчүлүк коалиция карап, жактырышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости