www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда айрым депутаттар эркек киши камалып кетсе, балдарын ким бага турганын айтышып, мыйзам долбооруна каршы болушту.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бул мыйзам долбооруна каршы чыккандарга нааразычылыгын билдирип, депуттарга төмөнкүчө кайрылды:

"Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбооруна эмнеге каршы болуп жатасыздар? Аялдарын сабаган жакындарыңар көппү? Бул кедей үй-бүлөлөрдө эле эмес, бай үй-бүлөлөрдө дагы болот. Аялдарды сабап көнүп калгандарды көрөбүз. Мына алыс эмес, кечээ  эле Бишкекте жигит жакшы көргөн кызын коркутуп, бычак колдонгон. Кыз оор абалда комада жатат. Сузакта болгон окуядан үй-бүлөнү сактайм деп жатасыңарбы? Аны оорукчан кылып салыптыр. Күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтөт деп коркуп жатышат. Кеп аларды камакка алуу эмес, кеп зомбулукту токтотуу", - деди ал.

Мындан сырткары, аялына зомбулук көрсөткөндөрдү 5 жылга кесүү жазасы колдонулуп калганда зомбулук токтоп калганын айтып, бул жерде максат түрмөгө олтургузуу эмес, кордук көрсөтүүнү токтотуу зарылдыгын баса белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости