www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурап жыйынтыгы ызы-чуу менен аяктады.

Аянтта ат чапкандар, кыргызга калп күйүп, мамлекеттин тагдырына көз жаш алган Бабанов, Сапар Исаков, Атамбаевдер качып кетишти. Тилек Токтогазиев эс-учун жоготуп өзүнө келсе, Жанар Акаев кайда экени белгисиз. Эрдемсинген Элвира Сурабалдиева митингдин соңунда аксакал атадан желкеден жеп алды.

Эске сала кетсек, Сурабалдиева бир күн мурун атасынан улуу киши Мыктыбек Абдылдаевге “ажылдап” деңээлин көрсөткөн эле. Ага себеп, ЖКнын төрагасы Мыктыбеков Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартканы болгон.

Тарбиясы талаада калган Сурабалдиевалардын армиясы кулагандан кийин жанындагы жакын санаалаштары “Сурабалдиева, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сакалдын токолу. Бул 100% так маалымат” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости