www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы бүгүн борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Социалдык тармактарда сооттолгон аскер техникасы катуу ылдамдык менен бара жаткан видео тарады.

Аталган видеонун автору колонна Бишкек шаарын көздөй бара жатат деп болжолдоодо. Соттолгон техника Токмоктон саат 21.30да чыкты деп айтканын угууга болот.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган акциялар токтой элек.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 9-октябрда саат 20.00дөн 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизүү тапшырмасы берилген. Ал эми Ички иштер министрлиги өзгөчө абал 10-октябрдан тарта күчүнө кире турганын билдирди. Бул коомдук-саясий кырдаалды тезирээк турукташтыруу жана коомдук тартипти иретке келтирүү максатында жасалууда.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости