www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмделбеген кызматкерлер иштен четтетилиши мүмкүн

Россияда айрым тармактардагы жумуш берүүчүлөр COVID-19га каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетип коё алат. Бул тууралуу Роструд мекемесине шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

"Медициналык каршы көрсөтмөлөр жок учурда коронавируска каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкер иштен четтетилет жана ошол учурда ага айлык төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 76-беренеси менен "Жугуштуу ооруларды алдын алуу тууралуу" мыйзам олуттуу себеби жок туруп эмделгиси келбеген адамдарды иштен четтетүүгө жол берет", — деп айтылат кабарда.

Белгилей кетсек буга чейин Роспотребнадзор мекемеси 15-августка чейин соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу, транспорт, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү тармактарынын кызматкерлери 60 пайызга эмделип бүтсүн деген токтом чыгарган.

Эске салсак, Москвада эмгек мигранттары коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен июнь айынын аягынан бери эмдөөдөн өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости