www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандар үйдөн чыкпастан эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты “Сертификат о вакцинации против COVID-19” онлайн сервисинен алышууда. Бул тууралуу маалыматты республикалык штаб билдирди.
Мындан тышкары, «Нуртелеком» жана «SkyMobile» мобилдик операторлору менен биргеликте мобилдик капчыктын идентификацияланган колдонуучулары үчүн сертификат алуу сервиси ишке киргизилген. Ушул эле сервис жакынкы күндөрү «АльфаТелеком» мобилдик операторунда иштеп баштайт.
Белгилей кетсек, «Кырызстан – жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат алган жарандарга мобилдик интернет пакетин белек кылышууда.
Бул көрүнүштү социалдык тармактардын колдонуучулары ар кандай баалашууда. Кээ бирлер "эмдөө бизнеске айланып кетти го" деп жазса, кээ бирлер "коронавирусту азайтуу максатында бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек" деп жазган.
Булак: NazarNews.kg