www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекеме майыптуулугу бар жарандарды заманбап жана сапаттуу протез-ортопедиялык буюмдар жана кыймылдоонун жеке каражаттары менен камсыз кылуу боюнча системалуу ишин улантууда.
Отчеттук мезгилде протездик-ортопедиялык буюмдарды жана башка жеке кыймыл каражаттарын даярдоо жана оңдоо кызматтарынан 11,5 миң адам пайдаланган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7%га жогору (2024-жылы — 10,7 миң адам).
Мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоого 123,0 млн сом багытталып, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 10%га көптү түздү (2024-жылы — 111,8 млн сом). Каржылоонун көбөйүшү кызмат алуучулардын камтылышын кеңейтүүгө жана протездөө тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Учурда бөлүнгөн 97,8 млн сом бюджеттик каражаттын алкагында өндүрүштү модернизациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык тиешелүү келишимдер түзүлүп, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жабдууларды жеткирүү ишке ашырылууда, ошондой эле кызматкерлерди жаңы станоктордо иштөөгө окутуу уюштурулган.
Мындан тышкары, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жана бейтаптардын жеке муктаждыктарын эске алуу аркылуу ортопедиялык бут кийимдердин жаңы моделдерин, жогорку жана төмөнкү буттар үчүн заманбап протездердин түрлөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алгач ирет протезисттер тарабынан «Сколково» инновациялык борборунун резиденти болгон «Моторика» компаниясынын балдар үчүн кол протездери — заманбап активдүү тартылуучу «Киби» жана бионикалык «Инди» протездери даярдалды.
Жалпысынан 2023–2025-жылдар аралыгында 34 балага «Киби» жана «Инди» кол протездери жасалып берилди, алардын 76 % республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды.
Ошондой эле кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын «Фаблаб» лабораториясы менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө. Бул кызматташуунун жыйынтыгында эки чоң жаранга электрондук кол протездери даярдалып, берилди.