www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР экономика министрлигинде «Бир айыл – бир продукт» (БАБП) улуттук экономикалык долбоорунун алкагында «2025-жыл үчүн Мыкты улуттук бренд» сынагына катышуучу продукцияларды тандоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга «Кыргызстандарт», «Кыргызэкспорт», Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары, ошондой эле КТУ «Манас» жана КМТУ им. И.Раззакова университеттеринин адистери катышты.
2025-жылы алдын ала тандалып, БАБП бренди менен сертификацияланган 7 облустан 60тан ашуун продукция түрү сунушталды. Алардын катарында табигый ширелер, чайлар, бал, кургатылган мөмө-жемиштер, косметикалык каражаттар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка продукциялар бар.
Продукциялар сапаты, таңгактоосу, ХАССП системасынын киргизилиши, экспорттук потенциалы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча бааланып, мыктылары Улуттук бренддер сынагына төмөнкү номинациялар боюнча сунушталды:
«Облустун мыкты продукты», «Ишкананын мыкты продукты», «Экспорттук потенциалы жогору продукт» жана башка категориялар.
/ске сала кетсек, 2007–2025-жылдары долбоордун алкагында 2774 продукт иштелип чыгып, Япония, Кытай, Корея, Европа өлкөлөрү жана АКШ сыяктуу рынокторго экспорттолгон. Акыркы 9 жылда 219 экспорттук келишим түзүлүп, алардын жалпы суммасы 245 млн сомго жеткен.