www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөнүн 250 жылдыгына карата жаңы паспорт дизайнын иштеп чыгууну аяктап жатат.

Маалыматка ылайык, документтин дизайнына АКШ президенти Дональд Трамптын сүрөтүн кошуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу «The Bulwark» басылмасы жазган.

Айтылгандай, 25 миң нускадан турган чектелген серия чыгаруу сунушталууда. Дизайн боюнча паспорттун ичинде салттуу элементтердин ордуна Трамптын портрети жана кол тамгасы жайгашышы мүмкүн.

Адистер бул демилгени буга чейин болбогон көрүнүш катары баалашууда. Себеби заманбап паспорттордо учурдагы же жакында бийликте болгон лидерлердин сүрөттөрү колдонулбайт.

Азырынча долбоор акыркы бекитүүнү күтүп жатат. Трамптын сүрөтү акыркы дизайнга киргизилери тууралуу расмий тастыктоо боло элек.

Последние новости