www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) жарандар февраль айы ичинде жер ресурстары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталып, ийгиликтүү болсо өлкөнүн бардык аймагындагы калкты тейлөө борборлорунда ишке киргизилмекчи.
Аталган долбоор мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтүү максатында ишке ашырылып жатканы айтылды.
Жарандар төмөнкү кызматтарды колдоно алышат:
кыймылсыз мүлккө карата укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;
кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери;
кыймылсыз мүлккө карата укуктардын жана чектөөлөрдүн тарыхы;
кыймылсыз мүлккө карата жеке менчик укуктун бар-жогу тууралуу маалыматтар.
Жарандар жер маселелери боюнча төмөнкү даректерге кайрыла алат:
1. КТБ-1, 12 кичи район, Нуркамал Жетикашкаева көч., 29 (ДК бизнес борборунун имараты);
2. КТБ-2, Чолпон-Ата көч., 2 ("АЮ Грандкомфорт" имараты);
3. КТБ-3, Ж.Гвардия бул., 4 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет);
4. КТБ-4, Ауэзов көч., 1/5 ("Два прораба" имараты).
Булак: NazarNews.kg