www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда тоо текени мыйзамсыз аткан адамды таап, бул жаныбар үчүн 100 миң сом айыпты төлөтүү үчүн Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү милицияга кайрылды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн башчысы Турат Сатимбаев билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда мыйзамсыз атылган 1 баш тоо текенин башы, эти жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган.
«Айрымдар Күрп-Сай ГЭСинин тушундагы Беке-Чал жайлоосунда атылган деген болгоолорун айтышкан. Биз атайын иликтөө жүргүзүп көрдүк. Ырасында тоо теке Беке-Чалда мыйзамсыз атылыптыр. Андагы жайлоодо чабан болуп отурган Аксы районунун Кичи-Акжол айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Р. уулу Рысалыдан сураганда, ал түшүнүк катында тоо теке 2020-жылдын 27-сентябрь күнү атылганын жазды. Ал "Таш-Көмүр шаарынын тургуну Жантай деген аке келип, экөөбүз Ала-Кап жайлоосуна чыгып, үч жашар тоо текени атып түшкөнбүз. Мен үйдө калгам. Текенин этин башы менен шаар тургуну алып кеткен" деп жазган. Алынган маалыматтарды топтоп, биз Жалал-Абад ОИИБге мыйзамсыз аткан жаранды таап, мамлекеттин пайдасына 100 000 сом өндүрүү үчүн кайрылдык», - деп билдирди Т.Сатимбаев.
Булак: NazarNews.kg