www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми калкты тейлөө борборлору саат 22:00гө чейин иштейт

Мамлекеттик каттоо кызматы 26 Калкты тейлөө борбору (КТБ) Open space режими менен иштөөгө өтө турганын билдирди.

Бул «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын жана өкмөт башчынын тапшырмасынын алкагында жасалып жатканы белгиленет.

«Мындай технология ыкчам тейлөөгө, ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө жана мамлекет менен коомчулуктун ортосундагы аралыкты кыскартууга жардам берет. Калкты тейлөө борборлоруна эл көп келип, ар дайым суроо-талап жогору болот. Буга байланыштуу операциялык зал жана күтүү залында борбордун жетекчилери кырдаалга байкоо салып, жарандарга консультациялык кызмат көрсөтөт», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Бишкектеги КТБлардын иштөө режимин саат 22:00гө чейин узартуу маселеси каралууда. Жакын күндөрү сынамык иретинде иштеп баштайт.

Мындан сырткары, башка мамлекеттик органдардын кызматтары кошулган универсалдуу сервистик борбор ачуу пландалууда. Бул дагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүүгө жасалган чоң кадам болоору айтылат. Учурда КТБлар калкка кызматтын 36 түрүн көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости