www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Курсан Асанов өлкөнү кыдырып үгүт иштерин жүргүзөт

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда анын адвокаты Чынар Жакупбекова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды. Андан эч жакка кетпөө тууралуу тил каты алынды. Эми Курсан Асанов президенттикке талапкер катары өлкөнүн аймактарын кыдырып, үгүт иштерин жүргүзө алат.

Белгилей кетсек, буга чейин үй камагында отурган Курсан Асанов өлкөнүн аймактарына чыга албасы айтылган.

Курсан Асанов Кой-Таш айылындагы окуялардан кийин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча жана 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктар боюнча айыпталууда.

Эске салсак, кечээ, 15-декабрда үгүт өнөктүгү башталды. Ал 2021-жылдын 9-январында саат 08:00дө аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости