www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдириди.
Маалыматка ылайык, Санитардык патруль кызматы тарабынан Эне жана баланы коргоо борборунун айланасындагы баш аламандык үчүн протокол түзүлдү.
Мыйзамга ылайык, физикалык тарапка 3 миң сом, ал эми юридикалык жакка 13 миң айып салынат.
«Айни көчөсүндөгү «Фарма-Мир» компаниясына, Ахунбаев №134/1 көчөсүндө 2Фарватор», Айни 85 «Партнер Инвестор», Үмөталиев №161/1 көчөсүндө "Триада», Чуй № 128 кең көчөсүндө «Эпос» дүкөндөрү, ошондой эле Дэн Сяопин кең көчөсүндө жайгашкан «Малика» кафесине айып салынды.
«Эко Транс Сервис» жана «Комтранском» компанияларына таштадыны алып салбаганы үчүн протокол түзүлдү. Мындан тышкары «Сабыш», «Миң Бир Жыгач» компанияларына, «Триадага» таштандыны атайын жайга таштабаганы үчүн айып салынды», - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg