www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-сентябрдан баштап Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, КР президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости